14.12.2021 14:27
Өкмөт кинодон акча түшпөй
турганын билип көңүл бурбай койду
14.12.2021 14:27
Устатым порнография менен контрреволюция темасын тартпагыла дечү
14.12.2021 14:27
Аксакал режиссерлордун
идеялары кагаз бетинде калууда
Мен 6-класста эмнегедир китептерди коп окуй баштадым. Себеби Таш- Көмүр жабык шаардай көрүнчү. Дүйнөдөн четте калгандай сезилчү. Москва, Нью-Йорк жердин башка бурчунда, Таш-Көмүр жердин түбүндө.
Башка жерде турмуш кызык, а бизде турмуш кызыксыз көрүнчү. Таш-Көмүрдө шахтачылардын турмушу, иши оордугунанбы, же ошол турмушунун оордугу ошол тупиктей болгон жерде жайгашканынанбы, көп кишилер арак иччү.
Майрамдарда адамдар ырдап, бийлеп, көңулдүү жүргөндүн ордуна сак арак ичип көчө-көчөлөрдө жатып калышчу.
Мен ошого таң калчумун. 5-классымда Таш-Көмүр шаарынан каякка кетип калсам деп абдан көп ойлончумун. Ал жерде бир узун кече, бир Маданият үйү, бир парк бар. Биринчи эле мага Туркияга кетсем деген ой келди.
Бир жылдай ойлонуп жүрдүм, анткени Динканын да ошондой ойлору бар эле, катерге отуруп алып, Кара деңизде сүзсөм дечүмүн. Анда Ч.Айтматовдун «Ак кемеси» деле жок эле. Кораблде юнга болсом дечүмүн Захар Загадкиндей болуп. Туркияга барып, “Турецкий марш” ойносом, барабан менен, фесканы кийип алып. Корабль менен бүт дүйнөнү айлансам деп аябай эңсээр элем. Ал эле эмес кораблде капитандын ордунда туруп алып командаларды берсем: «Отдать швартовые!», «Поднять паруса!» деп. А бирок Түркия алыс, кантип жетемин
деп ойлойм. Ага чейин Кытайга кетсем дечумун. Кытайга барбай калгандан кийин 5-класста татар досум Аскат менен Түркияга барганга даярдандык. Акча жыябыз. Бир жыл бою тыйындап отуруп ал 10 рубль, мен 15 рубль
чогулттук. Анан бир күнү автобуска отурдук. Таш-Көмүрдөн Ошко чейин жеттик. Оштон курсак ачты. Базарын сурадык, жакын эле экен. Ал жерден курсакты тойгузуп, балмуздак жеп, киного кирдик, аябай жыргадык. Кеч
кирди, жатаарга жерибиз жок, эмне кылаарыбызды билбейм. Ак-Бууранын көпүрөсүнөн ылайыктуу жер таап жаталык деп жүрсөк бандит балдар жолугуп калды. «Каяктансыңар?» - деп сурады. «Таш- Көмүрдөн», «Эмне кылып жүрөсүңөр?», «Стамбулга, кораблде юнга болуп иштегени»- дедим. Тигинин эси ооп калды. «Мейли, ага чейин көп бар, акчаң барбы?»- дейт. «Ии» – десем, «бер» – деп алып койду. Анан бир заматта экөөбүз тең акчасыз калдык. Бир рубль менде калды. Анткени бир эле рублди трусымдын резинкасы кирген жерге салып койгонмун. Анан тигилер (17 жаштардагы балдар) «Биз менен ишке барасыңар» - деди. «Биз барбайбыз» – десек:
«Эмнеге?» – дейт.
«Кандай ишке?» – десек: «Биз тонойбуз, силер кайтарасыңар» –дейт. «Каякта турабыз?», «Тиги жакта» – дешти. Биз коркконубуздан макул болдук. Тоноочу күркөсү шаардын аягында, пахта талаасынын башында жайгашкан экен. Ал күркөдө жарыкда жок. Тигилер бир жагына башка балдарды, бир жагына бизди коюп коюшту. Ары жылышканда эле мен Аскатка «качтык» – дедим. Аскат экөөбүз далайга чейин чуркап бардык. Каякка чуркаганыбызды билбейм. Алдыбыздан милиция чыгып калды. Сурашты. «Таш-Көмүрдөнбүз». дедик. Эмне чуркап баратасыңар? дейт. Шылтоолорду айтып жатабыз. Бизди бөлүмгө алып барышты. Сурак кылышты. «Стамбулга баратабыз» – десек таң калышты. «Ал жерге барып эмне кыласыңар?» – дешет. Мен айттым: «Мен юнга болгум келип жатат, корабль айдайм» – деп. Милиционердин оозу ачылып калды. Бизди кутузкага отургузушту. Аскат арык, мен олбурлуумун. Ал качалык дейт. Макулдаштык да ал терезеге батып кетти. Мен чыгайын десем денем өтпөй, башым эле чыкты. Ал «Бол» – дейт. Мен чыга албай жатам. Ал ыйлап жиберди «эмне кылам эми» – деп. Жетектеген мен элем. Мен: «Бар, көпүрөнүн астына барып уктап эртең менен кайра кел» – дедим. Эртеси мени распределителге алып барышты. Карасам Аскат да жүрөт. Көрсө кечээ менден алыстаганда эле милиция кармап алды дейт. Кечке маал аталарыбыз келди. Экөөбүздү аябай сабады. Үйгө келсем апам да сабады. Эмнеге сабаганын түшүнбөйм, биз эмне, бир нерсе уурдадык беле... «Мына сага Стамбул, мына сага саякат, мына сага кеме» – дегени го. Мына ушундай болгон.
Замир Эралиев, кинорежиссер, «Кыргызкиноконцерндин» президенти