14.12.2021 14:27
Өкмөт кинодон акча түшпөй
турганын билип көңүл бурбай койду
14.12.2021 14:27
Устатым порнография менен контрреволюция темасын тартпагыла дечү
14.12.2021 14:27
Аксакал режиссерлордун
идеялары кагаз бетинде калууда
Менин оюмча ар-бир эле адам энеси жөнүндө сөз кылганда; менин апам
абдан кызык, өзгөчө, кайталангыс киши эле деп баштамак. Балким ушул
сөздөр менен адам өзүнүн энесине болгон сүйүүсүн, таазим кылуусун,
суктануусун айткысы келет окшойт. Ошондуктан мен дагы мени бул дүйнөгө
алып келген, бутума тургузган ыйык энемди айтылып кеткен сапаттар менен
мүнөздөмө берип жатып, апамды көп эскерээримди өзүмө белгиледим.
Ыбрай кызы Күлбүбү...
Энем Күлбүбү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чоң Кызыл Суу айылында туулган.
Деги менин апам бул дүйнөгө эмнеге келди? Мына эми гана өмүрү зымырык
куштай өтүп кеткенден кийин ойлоп олтурсам, азап тартканы эле келиптир.
Апам согуштун кесепетин көрдү, ачарчылыкты башынан өткөрдү.
Жетишпеген турмушту кечирип, жеке үй-бүлөлүк тагдыры да ойдогудай
болгон жок. Жолдошторумдун энелерин алсам деле анча-мынча өзгөчөлүгү
болбосо, көп айырмасы жок.
Кыргыз энесинин тагдыры драма. Энем эне катары качан бактылуу болду?
Мени төрөгөндө, мен ВГИККе өткөндө, “Кош Гүлсаратты” тартканда.
Түз сүйлөп, оюндагыны бетке айтчу. Адамды сүйлөгөн сөзүнөн, көз
карашынан, кийген кийиминен бат эле сынап билип койчу. Жоро-
жолдошторумдун баарына мүнөздөмө берип чыкчуу. Кээде апамдын оюна
макул болчу эмесмин. Бирок убакыт өткөндөн кийин бир себептер,
жагдайлар аркылуу досторум апам айткандай эле мүнөзгө ээ болуп чыга
келчүү. Ал кишилердин баары менен кайсы жерде иштебесин, кандай
мүнөздөгү адам болбосун, тил табышып кете алчу.
Сегизинчи класста классташ кызымдын туулган күнүнө балдар эки бөтөлкө
вино алып келишиптир. Жарым стакан ичкен элем. Канча жашынсам да
билинип калды. Апам мени көрүп, урушкан жок. Чакырып алып маңдайына
отургузуп:
- Сен көрдүңбү, шаарда канча киши мас болуп жүрөт? Алар кимдер? Кандай
адамдар? Ошолордун катарына кошулгуң келеби? - деп сурады.
- Жок! - дедим. Ошондон кийин ичкиликке абдан этият мамиле жасайм. Дагы
бир жылдан кийин апам менден:
- Кайсы кесипти тандайсың? - деп сурады.
Таякемдей режиссер болгум келет, бирок театрдыкы эмес, кино режиссер
дедим. Таякем Бообек Ибраев мага чоң таасир берчү. Бирок апам таң калды.
Мен анда:
- Сиз кайсы окууга өтүшүмдү каалар элеңиз? - десем:
- Юрист, прокурор болушуңду каалар элем - деди.
Ошондо кайра мен таң калдым.
- Менин тааныштарым бар, жардам беришет – десе
- Мага жардам кереги жок - деген элем. Ошондон бери өмүр бою мен өз
маселемди өзүм гана чечүүгө умтулам.
Айта кетчү нерсе – энем өмүр бою билимге умтулган киши болгон.
Кичине кезимде да бүт айыл апамды “Молдо торгой шалдыраң" деп айтуучу
экен. Кийин окуш үчүн каражат керек, а каражат тартыш. Бир гана жыл окуп
ден соолугу, үй бүлөнүн түйшүгү себеп болуп, окууну ташташка мажбур
болот.
Менин апамдын мүнөзү ачык айрым, чечкиндүү, эң башкысы шайыр, конок
тосконду жакшы көрчү. Биздин үйгө айрыкча таякем Бообек Ибраев
артисттер менен келгенде ыр-күлкү түгөнчүү эмес. Айрыкча шайыр,
эрктүүлүк сапаты ага келген кыйынчылыктарда өзүн таштап жибербей,
ыйлактабай оор шартта мөгдүрөп басылып калбасына себеп болуп,
чыйрактык берди.
Бир окуя эсимден кетпейт. Мен Москвага кеттим эле. Ага чейин Сергей
Герасимовдун чыгармачылыгын ичимден жактырып, ошол киши экзаменде
шакирт тандайт деп укканымдан анын өнөрканасына өтүүгө куштарландым.
Барсам ал киши эмес А. Столпер деген режиссер кабыл алып жатышыптыр.
Экзамен кандай болоорун көрүш үчүн мен да сыноодон өтүп көрдүм.
Орун чектелүү, мен каалаган мугалим болбогондуктан үчүнчү
экзаменден кайра баса бердим. Үйгө келсем кызыгы, Сергей Герасимовдун
сүрөтү дубалда илинип турчу. Ошол сүрөт жок. Аңгыча апам келип калды.
- Өттүңбү?
- Жок.
- Ошо билгем, Герасимовдун сүрөтүнө дайыма келип айтуучумун: “уулумду
окууга кабыл ал” – деп. Бир күнү эле жок жерден эшикте ушундай шамал
жүрүп, алай-дүлөй болуп кетти. Ошондо сени “окууга өтпөй калды деп
сездим”. С. Герасимовдун сүрөтүн алып жиним менен айрып салдым
бырчалап дейт. Мен чоо-жайымды айтып бердим. Карасам баягы айрылган
сүрөттү апам кайра алып кайра чапташтырып ордуна илип коюптур. Муну
эми кантип түшүнсө болот? Эненин энелигин түшүнгөн адамга гана бул
көрүнүш тааныш. “Карга баласын аппагым, кирпи баласын жумшагым дейт”.
Биз кандай адам болбойлу бизди туруш турпатыбыз менен жакшы көрүп,
эмне кылсак да, кечире билген эне гана. Дүйнө ошону менен, эне мээрими
менен сакталып, чулганып турат. Ар бир адам үчүн эне – аалам!
Апамдын күмбөзүн тургузганда глобусту айкаштырганым символикалуу.
Эне менен баланын ортосундагы рухий байланыш эч качан үзүлбөйт экен.
Мен кийинки жылы С.А. Герасимовдун өнөрканасына өттүм. Апамдын
тилеги күчтүү болгон экен. Менин чыгармачылыгымда Сергей Герасимов
жан-дүйнөмдүн калыптанышында атамдай болуп калды. Апам экөөнүн мага
деген ой-тилектери экөөнүн тең бир үндөшүүсүнө себеп болду. Экөө мен
аркылуу бири-биринин ден соолугун, ишин сурашып турушчу. Апам сынчы
болчу дебедим беле? Жакшы адамды менин сүрөттөөлөрүмдөн туйган
окшойт.
Апам чоң максатты көздөгөндү үйрөтчү. Майдаланып, чачылып-
чарпылганды жактырчу эмес. Ошол учурда мени С.Соловьев “Случай в
ресторане” деген В. Шукшиндин чыгармасына жазылган сценарий боюнча
курстук — көркөм фильмди көргөндөн кийин “Мосфильмге” кал деп сунуш
кылды. Апама айтсам “Москвада жүрүп калдың, ал жерде өзүңдү таап иштеп
кете аласың. Калып кал. Орус эли талант сыйлаганда кенендиги бар" деген.
Мен анда Кадыр Өмүркуловдун кеңешин угуп “Кыргызфильмге” келе
бергем.
Мен үйгө келген сайын жоро-жолдошторум конокко чакырып кетишет.
Кайсы убакта келбейин, апам мени дайыма күтүп олтурат. Түн бир оокумга
чейин сүйлөшөбүз. Эмне жөнүндө? Баардыгы жөнүндө. Саясат, маданият,
өмүр, өлүм, балалык, тарбия. Эмне жөнүндө болсо да кенен-кесири,
кызыктуу сүйлөшө билчү.
Биздин үйгө апамдын кеп-кеңешин, калыс сөзүн угуш үчүн көп
адамдар келишчүү. Эл аягы суюлчуу эмес. Үйүндөгү жары, күйөөсү менен
урушса, баласы менен табышпай жатса, сот аркылуу жалган жалаага калса
да. Бирин өзү чуркап бүтүрсө, бирине кеп-кеңешин берип, көңүлүн жубатып
узатчуу. Өз тагдырын чече албаса да бирөөнүкүн боо чечкендей чечип койчу.
Мен муну кээ бир чоң шахматисттер өз партиясын жеңдирип коюп,
бирөөлөрдүн оюнунун катасын жазбай табышат – ошолорго окшотоор элем.
Апамды таланттуу деп эсептейм. Адвокат болуп иштеди. Окууңду
аркалаганда кыргыз элине таанымал инсандардан болмок.
Кызыгуусу да ар түрдүү эле. Эл аралык мамиледен тартып даракты мөмө
бербесе кантип ырымдаш керек, ошого чейин кызыга берүүчү. Эч качан
чөкчүү эмес. Катуу ооруп жатса да жакшылыктан күдөөрүн үзчүү эмес.
Апамдын көзү өткөндө айрыкча кеп адам келди. “Дос-курбум эле” - деп
жоктоп кошок кошкону көп.
Кийин апамдын кийимдерин карап жатып жакшынакай көйнөктөрдү,
жакеттерди, кофта, түрдүү модельдеги модалуу сумкаларды таптык.
Жарашыктуу кийингенди жакшы көрчүү.
Адам жаныңда жүргөндө эң орчундуу нерселер жөнүндө сүйлөшкөндү артка
ылдыра берет экенбиз. Эң аянычтуусу – энемдин башынан өткөн көп
фактыларды, өмүрүн толук билбей калдым деп эсептейм. Менин оюмча
экөөбүз бир күндөрү олтуруп алып, баштан өткөргөн окуялардын баарын өзү
айтып берчүүдөй сезилчү. Бирок андай болбой калды... Энемден кайгыны
көтөрө билгенди үйрөндүм эле, бирок кубанычымды энем өзү кошо бөлүшсө
болор эле.